Бири бөтөлкө менен камыр жайса, экинчиси окуудан чыгарылып... Маданият өкүлдөрүнүн студенттик кезиндеги кызыктуу окуялары

Бүгүн, 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык күнү. Көпчүлүк жаштыктын кызыктуу күндөрүн дал ушул студенттик күндөрдө өткөнүн айтып, жылмаюу менен эскерип келишет эмеспи.

SUPER.KG порталы майрамга карата студенттик жашоону башынан өткөргөн, өткөрүп жаткан өнөр адамдарынын эсте калган окуяларын топтодук.

Ырчы Нурмат Садыров

Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык кесиптик окуу жайын жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетин аяктаган.

"Ооба, студенттик кезде аябай кызыктуу күндөр өттү. 9-классты бүтүп эле Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп калдым. Боюм аябай эле кичинекей эле, 5-класстын баласындай болчумун. Окуу башталганда студенттик билет алдым. Ал кезде студенттер үчүн троллейбуста жүрүү бекер болчу. Бир күнү досторум менен троллейбуска түштүм. Айдоочусу орус экен, мени көрүп студент экениме ишенбейт. Же мен орусча билбейм. Мени алдап башка бирөөнүн билети менен жүрөт деп ойлоду окшойт. Мен кайра-кайра "Это-я, это-я" деп коём. Жанымдагы досторум каткырып күлүшөт. Айдоочуга баарыбыз айтып жатып акыры ишендиргенбиз", - деп Нурмат Садыров студенттик кезин жылмаюу менен эстеди.

Актриса Альбина Имашова

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин бүтүрүүчүсү.

"Менин студенттик күндөрүм аябай кызыктуу өттү. Көп окуялар болду. Арасынан бирди айтып берейин. Ал кезде Арнис экөөбүз жаңы таанышканбыз. Жатаканада жалаң кыздар үчүнчү кабатта, эркек балдар биринчи кабатта жашачу. Бир маалда бөлмөмдө жатсам, Арнис үчүнчү кабатка "жүрү, бассаң, бол" деп эле жүгүрүп келип калды. Мен да аябай олуттуу нерсе болуп аткан го деп артынан жүгүрдүм. Биринчи кабатка түшсөм эле Арнис колума камыр берип, "ушуну жая салчы" десе болобу.

Арнис тамакты аябай жакшы жасайт. Анан эле баягы айылдан азык-түлүк келет. Ошондо Арнис досторуна көлдүн кургак кесме деген тамагын жасап бермей болуптур. Койчу Арнис мен муну кантип жаям же үбөлүгүңөр жок десем "мынакей" деп лимонаддын айнек бөтөлкөсүн карматып койду. Мен бул менен жая албайм десем "жайылат ушундай тоголотуп жайсаң" деп өзү чыгып кетип калды.

Мен болсо камыр жайып кирдим. Бир маалда эшик тыкылдады да, ачылды. Карасам менин кураторум Аман агай турат. Уялганымды сурабагыла, бир чети бул эркек балдардын комнатасында жалгыз эмне жүрөт деген ой кетсе, колумдагы бөтөлкө менен камыр жайып атканымды көрүп аябай күлгөн", - деди актриса.

Ырчы Алмаз Шаадаев

Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аяктаган.

"Негизи жашообузда эң кызыктуу учур студенттик күндөргө туш келет экен. Достор болуп чогуу жашачубуз. Бир күнү досум экөөбүз түнү менен балдардын телефонунун сааттарынын убактысын алмаштырдык. Ошол кезде кыш мезгили болчу. Түнкү саат 03:00дө саатты 08:00гө жылдырып сабакка тургула деп тургузуп жөнөтүп ийгенбиз. ЦУМ жакта жашачу элек, балдар барып чоң саатты карап, анан кайра үйгө келишиптир" - дейт ырчы Шаадаев.

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы

Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

"Студенттик кез чындыгында эң кызыктуу учур, эстеген сайын жүзүмө жылмаюу келет. Эсимде 17-ноябрь күнү кадимкидей майрам эле. Өзүбүз жатаканада жашаган студент болсок. Акчабыз деле анчалык көп эмес. Майрамда эмне кылып майрамдайбыз деп ойлонуп отуруп, кафеге барып бийлемей болдук. Анан отуруп алып сүйлөшүп, чечишип алдык. Жатаканадан кукси, ролтон менен курсагыбызды тойгуздук. Тиги жакка барып, ортодон акча чыгарып бир фанта менен салат алдык. Анан бири бирибизге, "Эй жебе, жебе түгөнүп калса кетиш керек болуп калат" деп кичине кичинеден жеп, ичип анан бий бүткөндө жатаканга барып жатып алат элек. Биздин кезде майрам ушундай өтчү", - деп эскерди Гүлназ Чыныбек кызы.

Ырчы Ильгиз Абдалиев

Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайын жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын аяктаган.

"Жаңыдан окуу жайга келгенде орусча билбейт болчумун. Сабакка кечикпейт элем. Көчөлөрдү да жакшы билбейм. Окуу жайга троллейбус менен барам, дайыма бир дүкөндү белги кылып алгам. Ошол жерден түшчүмүн адашпай. Жакшы окуп стипендия да ала баштадым. Стипендия алып кыялданып, маршруткага түшө калбаймынбы. Жол киреге 200 сом берсем, майда акчасы жок окшойт "анан берем" деп койду. Жетчү жерге да жеттим. "Сдачи дай десем", "я уже дал" десе болобу. Орусча дагы такыр билбейм, түшүндүрө албай кыйналып жаттым. Мен берген 200 сом жапжаңы болчу. Анан "вот мой деньги" деп көрсөтүп коём. Ар нерсени сүйлөйт, мен да тура бердим бир сөздү кайталап. Акыры аябай ызаланып түшүп кеттим. Ошондон кийин маршруткага түшкүс болгом. Ошол кезде жол кире 5 сом болчу.

Андан көрө троллейбусум жакшы деп жалгыз ошол менен каттап окудум", - дейт Абдалиев.

Ырчы Калыс Жакыпов

Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинде билим алууда.

"Мен азыркы учурда да студентмин. Учурдан пайдаланып бардык студенттерди майрамы менен куттуктайм. Аябай шок, өрт кезибиз ушул учурга туш келет экен. Студенттик кез десе эле, бир окуя такыр эсимден кетпейт. Жаңы окуу жылы башталып, бири-бирибиз менен жакшы тааныш эмеспиз. 3-сентябрь күнү сабакта отурсак, эки бейтааныш бала келип калыптыр. Таанышкыча сүйлөшөйүн деп бир кабинетке киргизип, кичине уруп койдум да үйгө кетип калдым. Эртеси чогуу окугандар келбей тур, тиги балдар директорго айтып салыптыр дешти. Окуу эми башталса, мейли деп мен да үйдө жатып алдым. Бир жума өттү. Окуу жайдан чалып чакыртышты. Барсам колума папка, документтеримди берип окуудан чыктың дешсе болобу. Дагы жакшы апам жанымда болчу. Сүйлөшүп араң окуумда калгам. Окуу башталып 10 күн өтө электе окуудан чыгып калайын дегем. Ошондон кийин тентектик кылбай калгам", - дейт ырчы.

Маалымат үчүн: Студенттердин эл аралык күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында Студенттердин дүйнөлүк Конгрессинде бекитилген.

Кыргызстанда бул күн расмий майрам болуп саналбаса да, 1990-жылдардан бери студенттер арасында ири майрам катары кабылданып, белгиленип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан