Футбол боюнча Гана улуттук курама командасы Катарга Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн барды, бирок спорттук формасы жок. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жабдуулар оюнчуларга почта аркылуу жеткирилет. Бирок Гананын футбол федерациясы улуттук кураманын биринчи беттеши үчүн кийим Катарга жеткирилбейт деп кооптонууда. Ага чартердик аба каттамы уюштурулушу мүмкүн.
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт. Гана Португалия, Түштүк Корея жана Уругвай менен "H" тайпасында жайгашкан.
Бул курама команда алгачкы оюнун 24-ноябрда Португалияга каршы өткөрөт.