Дагы бир депутат Кыргызстанда TikTok'ту жабууну сунуштады

Бүгүн, 16-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын жабууну сунуштады.

"Интернетте, TikTok'то бардык жарнаманы чыгарып жатат. Наркотика, арак, кээ бирөө өзүнүн денесин жарнамалап жатат. Ошону ким көзөмөлдөйт? Биздин маданиятка, нарк-насилге доо кетирген жарнамалар, сөздөрдүн бардыгы TikTok'ко чыгып жатат. Ошол жакта бала-бакырабыз көрүп жатат. Алар кандай болот. TikTok'ту жаап койсо деле болбойбу?", - деди ал.

Өз кезегинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ата-энелер дагы балдарын көзөмөлдөө керектигин белгиледи.

Буга чейин TikTok социалдык тармагын жабуу демилгесин депутат Надира Нарматова дагы көтөрүп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан