Ак-Талаадагы Молдонун-Бели ашуусунда 9 унаа калып калды

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Молдонун-Бели ашуусунда кар калың жааганына байланыштуу 9 оор жүк ташуучу унаа калып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-ноябрь күнү саат 14:15те Турук көмүр кенине баруучу унаа жолундагы Молдонун-Бели ашуусунда кар калың жаагандыктан 9 оор жүк ташуучу унаа чыга албай тыгылып калган тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Аталган унаа жолу убактылуу жабылган. Жерине дароо куткаруучу топ барган.

"Унаалардын айдоочуларын алып келишип, үйлөрүнө жеткирилген. Жаракат алгандар жок, абалдары жакшы. Кар калың жаап жаткандыгына байланыштуу унаалар Молдонун-Бели ашуусунда калтырылган", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан