Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап акча каражатын талап кылууда көрсөтүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
"Кезектеги 15 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» мамлекеттик мекемесинин эксплуатация бөлүмүнүн башчысы М.К.Ж. кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган жаран мыйзамсыз киреше алуу жана баюу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, линиялык жүргүнчү ташуучу автобустардын айдоочуларынан акча өндүрүү боюнча коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.
Мындан тышкары М.К.Ж. айдоочуларга дайыма психикалык кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен, ошондой эле каттамдан четтетүү же жумуштан кетирем деп айдоочулардан акча каражатын талап кылып турган.
2022-жылдын 15-ноябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.