Жалал-Абадда чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүүгө шектүүлөр кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрда Аксынын Гүлбак айылынын 1995-жылы туулган А.Э аттуу тургуну 5 баш бодо, 16-ноябрь күнү Ак-Дөбө айылынын 1999-жылы туулган А.Э.у аттуу тургуну 17 майда малды Өзбекстандын аймагына киргизип бара жатканда кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган бодо жана майда малдын баасы 450 миң сомду түзөт.

Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан