Советтик жана кыргыз театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын тагдырын чагылдырган “Талант жана тагдыр” драмасы көрүүчүлөргө тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылды түрк тилдүү өлкөлөрдө актриса Бакен Кыдыкееванын жылы деп жарыялаган.
Ага ылайык, актрисанын ысымын алып жүргөн борбор калаадагы жаш көрүүчүлөр театры анын 100 жылдык юбилейин утурлай Кыргыз Эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетовдун “Талант жана тагдыр” драмасын көрүүчүлөргө тартуулашкан.