Баткен шаардык милициясы балдардын коопсуздугу үчүн рейд өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктан оолак болуусу, укук бузууларга жол бербөөсү, өзүн тартиптүү алып жүрүүсү үчүн балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери алдын алуу иш-чараларын өткөрдү. “Камкордук” иш-чарасынын жүрүшүндө мектепке тартылбай калган, кароосуз калып, жеңил акча табуу максатында жүргөн балдарды аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында түнкү саат 22:00дөн кийин улуулардын коштоосу жок жүргөн балдар аныкталып, Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 102-беренесинин негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды", - деп жазылат маалыматта.