Бүгүн, 17-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында акындар Бердибек Жамгырчиев менен Алтынбек Кыдыралиевдин "Жаштык музасы" аталышындагы чыгармачылык кечеси өтүп жатат.
Кеченин ачылышына келген конокторго акындар тууралуу кыскача видео тасма тартууланды. Чыгармачылык кече сахналаштырылган оюн-зоок менен коштолуп, ырлар окулууда.
Анда белгилүү актёрлор Назым Мендебаиров, Нурдөөлөт Копоев, Эржан Осмонов Бердибек Жамгырчиевдин калемине таандык ырларды көркөм окуп жатышат.