Футбол боюнча Орусия улуттук курама командасы коңшу Тажикстан менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Оюн Дүйшөмбү шаарында өтүп, 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Орусия курамасынын башкы машыктыруучусу Валерий Карпин курама Кыргызстанга каршы оюнга караганда 10 эсе жакшы ойногонун белгиледи.
"Муну көпчүлүк эл түшүнбөйт, бирок күйөрмандарга дайыма жыйынтык керек. Кыргызстанга каршы оюнга караганда бул ирет 10 эсе жакшы ойнодук, бирок жеңишке жеткен жокпуз. Эми күйөрмандарыбыз нааразы болот", - деди Карпин.
Белгилей кетсек, 24-сентябрь күнү Кыргызстан курамасы менен Орусия Бишкекте жолдоштук беттеш өткөргөн. Оюн 1:2 эсебинде коноктордун пайдасында аяктаган.