Ноокенде киши өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран милиция бөлүмүнөн сабалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы ички иштер бөлүмүндө кылмышка шектүү жаран сабалды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган бобордун кызматкерлери кармалган жаран менен жолугушкан. Анын бетинде жана денесинде бир нече жолу ур-токмокко алынгандыгынын издери көрүнгөн. Шектүүнүн айтымында, ал 10-ноябрда милиция бөлүмүнө алып келинип, суракка алынып, киши өлтүргөнүн моюнуна алган.

"Аны башка кылмыштарды жасагандыгын моюнга алдыруу үчүн 2 күн сабап, 12-ноябрь күнү убактылуу кармоочу жайга киргизишкен", - деп билдиришти аталган борбордон.

Окуяны териштирүү үчүн 17-ноябрда Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков Ноокенге барган. Бирок милиция аны жана "Тез жардам" кызматкерлерин шектүүгө жолуктурган эмес.

Бул тууралуу Ноокен райондук ички иштер бөлүмү азырынча комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jigit.1982
2022-11-18 11:00:00
Жанакы 19 жаштагы кызды олтуруп ыргыткан мыкаачыбы. Муну олтуруп эле ыргытып салыш керек. Мурун да зордуктоо боюнча эки уч жолу камалган экен. Эртен олбой турмодон чыкса кайра эле адатын кайталайт. Же кыздын туугандарым откоруп берип коюш керек.
+3
Alixan-Nookat.2015
2022-11-18 19:25:00
Дагы катуурак сабагыла киши өлтүргөн адамды эмнеге аяш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан