Футбол боюнча Катар улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунун ачылышында жеңишке жетүү үчүн эквадордук футболчуларга пара бергени айтылууда.
Улуу британиялык саясий серепчи жана журналист Амжад Таха Катар эквадордук 8 футболчуга дээрлик 7 жарым миллион доллар бергенин жазды.
"Катар алгачкы беттеште жеңишке жетүү үчүн сегиз эквадордук оюнчуга 7 миллион 400 миң доллар пара берген. Муну Катар менен Эквадордон келген беш инсайдер тастыктады. Бул калп деп үмүттөнөбүз. Дүйнө ФИФАдагы коррупцияга каршы турууга тийиш", - деп жазды ал.
Бул эки команда 20-ноябрда "Аль-Байт" стадионунда беттешет.