Таласта тойдон кийин массалык мушташ орун алды (видео)

Таласта массалык мушташ катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына Талас ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрга караган түнү саат 00:40 чамасында Талас ШИИБине шаардын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан Алтын-Казык соода борборунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери ал жактан 7 жаранды шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келишкен. Анда соода борборуна келген бир нече жаран пикир келишпестиктен урушуп кеткендиги, алар тойдон чыгышкандыгы жана мас абалда экендиги аныкталган.

Ошондой эле алардын арасынан 1998-жылы туулган жаран окуяга байланыштуу травматология бөлүмүнө түшкөн.

"Бул факты маалыматтардын электрондук журналына катталган. Бирок окуяга катышкан жарандардын бардыгы ​ жана соода борборунун администрациясы ​ арыз жазуудан баш тартышты. Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Видео: Талас ОИИБ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан