Ак-Талаа районундагы Молдонун-Бели ашуусунда кар калың жаагандыгына байланыштуу көмүр жүктөп келгени барган 17 унаа ашууда калып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Мындан улам 16-17-ноябрь күндөрү Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан көмүр тарткан унаалардын айдоочулары коопсуз жайга жеткирилген.
Ал эми бүгүн, 18-ноябрда саат 07:00дөн баштап куткаруучулар менен биргеликте Тогуз-Торо районунун жол тейлөө мекемесинин 1 даана бульдозери менен Ак-Талаа районунун Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери Молдонун-Бели ашуусунун, Соң-Көл жайлоосунун жолдорун тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Автоунааларды ашуудан түшүрүүгө, жолду ачууга ыкчам топ тартылды. Кошумча маалымат берилет.
Учурда ашууда 17 унаа калып калды.