Кримтөбөл Камчы Көлбаев кармалды

Кримтөбөл Камчы Көлбаев жана анын жанындагы 10 адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар 16-ноябрь күнү кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан кармалышкан.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксат жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча мыйзамга ылайык К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган.

Ошентип К.Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесин (мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан