Кармалган кримтөбөл Камчы Көлбаев жана анын жакын адамдары кайра коё берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар тиешелүү уруксаты жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 "Сайга" карабини жана 4 даана "ПМ" жана "Глок" үлгүсүндөгү тапанча) табылган.
Көлбаевдин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесинин (мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери аныкталган.