Жалал-Абадда дарыларды көрсөтмөсү жок саткан дарыканалар аныкталды

Жалал-Абадда күчтүү дары-дармектерди көрсөтмөсү жок саткан дарыканалар тармагы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Жалал-Абаддагы дарыканаларга рейд жүргүзгөн.

"Анда дарыканалар жарандарга күчтүү дарыларды медиктин көрсөтмөсү жок сатып жүргөнү тастыкталган. Мындан тышкары ыкчам кызматкерлер баңги, психотроптук заттардын компоненттери бар бардык дары-дармектерди алышкан. Дарыкана пунктуларынын сатуучулары жоопкерчиликке тартылды", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

“Текшерип сатып алуунун” (контрольная закупка) жүрүшүндө дары-дармекти көрсөтмөсү жок эле сатып алууга мүмкүн болгондугу тастыкталган.

Мындан тышкары ыкчам кызматкерлер баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын компоненттери бар бардык дары-дармек каражаттарды аныкташкан.

Алынган заттардын жалпы салмагы 1,170 миллилитр жана 350 капсуланы түздү. Дарыкана пункттарынын сатуучуларына карата жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы боюнча, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылды.

Белгиленгендей, мындай иш-чаралар республика боюнча системалуу түрдө өткөрүлүп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан