Медет Садыркуловдун өлүмү: Санжар Сапарбеков 14 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 18-ноябрда Аламүдүн райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүгө шектелген Санжар Сапарбековдун соттук отуруму өттү.

Сот ага акыркы сөз бергенде Санжар Сапарбеков Медет Садыркуловдун өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экендигин айтты. Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген судья Бекболот Жаналиев Санжар Сапарбековду күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыратты.

Медет Садыркулов 2007-жылдын 16-апрелинен 2009-жылдын 8-январына чейин президенттин администрация жетекчиси кызматында иштеген. 2009-жылдын 8-январында өз каалоосу менен отставкага кеткен. Ал эми 2009-жылы 13-мартта өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектелгендердин бири Рустам Сайдиев сыртынан соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан