Ким Чен Ын өзүнүн кызын биринчи жолу эл алдына көрсөттү (фото)

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзүнүн кызы менен чогуу биринчи жолу эл алдына чыкты. Бул тууралуу Рёнхап агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын лидери кызы менен чогуу "Хвасон-17" континенттер аралык баллистикалык ракетасын учурууга барган. Ал аялы Ри Соль Чжу, кызы, ошондой эле карындашы Ким Ё Чжон, армия жана партия лидерлери менен чогуу ракетанын учурулганын көрдү.

Ким Чен Ындын балдарынын саны, жынысы же жашы тууралуу маалымат кылдаттык менен жашырылган. Фрагменттүү маалыматтарга таянсак, Ким Чен Ын 2009-жылы үйлөнгөн. Анын балдары 2010, 2013 жана 2017-жылдары төрөлгөн. Ал эми ракетаны учурууга катышкан кыз 2013-жылы туулган Ким Жу Э болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан