Бишкекте Хонда HR-V унаасын айдап качкандар кырсыкка кабылды (фото)

Бишкек шаарында жеңил унааны айдай качкан жарандар жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Унаа уурдоо фактысы кечээ, 18-ноябрь күнү 16:55 чамасында болгон. Анда Бишкек шаарынан Хонда HR-V унаасын мыйзамсыз айдап качуу боюнча билдирүү түшкөн.

Дароо "перехват" планы жарыяланып, болжол менен саат 21:05 чамасында Жайыл районунун аймагынан Бишкек-Ош жолунун 62-чакырымынан аталган унаа байкалган. Унаанын айдоочусу кызматкерлерге баш ийбей, качып бара жатып башка унааларды сүзгөн.

Учурда унааны айдап качууга шектелгендер кармалды. Алар: рулду башкарып бара жаткан 31 жаштагы Ш. уулу К., жүргүнчүлөр 39 жаштагы М.М.Б жана 30 жаштагы Ж. улуу Р.

Дагы бир адамдын аты-жөнү тактала элек. Жол кырсыгынан үч адам жаракат алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан