Ырчы Омар үчүнчү ирет ата болду

Эстрада ырчысы Омар Жанышов туулган күнүнө жакын уулдуу болду. Бул тууралуу ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева билдирди.

"Омар 14-ноябрда уулдуу болду. Атын Акжол деп коюшту. Борборубуздагы төрөтканалардын биринде жарыкка келди. Ал эми Омардын туулган күнү 19-ноябрь", - деди Миргүл Эсеналиева.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы социалдык тармактагы баракчасына "Туулган күнүмө жакшы белек болду" деп жазып калтырган.

Омар менен жубайы Диана 2017-жылы баш кошушкан. Алардын буга чейин бир кыз, бир уулу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан