Токтогул районундагы Жалпы дарыгерлер практика борборундагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
"Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы Ж.А. кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке пайда көрүү максатында подрядчы тарабынан келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткарбаган иш актыларына кол койгон.
Бул факты боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган Ж.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти УМКдан.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.