Бишкекте 65 жаштагы Бейшегүл Мамеркулова изделүүдө

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмү 65 жаштагы Бейшегүл Мамеркуловага издөө жарыялады.

5-августта милицияга С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 3-август күнү саат 14:00 чамасында Чүй жана Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбеген 65 жаштагы эжеси Мамеркулова Бейшегүл Турсунбаевнаны издөөгө жардам берүүнү суранган. Учурда дайынсыз жоголгон аялдын кайда экени белгисиз.

Белгилери: Бою болжол менен 152-155 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара-боз, кашы коюу кара, көзү чоң жана күрөң.

Ал бутуна кара ботинка жана жашыл көйнөк кийип жүргөн.

Урматтуу жарандар! Мамеркулова Бейшегүл Турсунбаевнанын жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444-457, 0 (312) 352-632, 0 (553) ) 102 -880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан