Коңшу Тажикстанда аткезчилик жүктү алып өтүүгө аракет кылган Лейлек районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Аталган жаран Достук айылынын тургуну. Ал Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен УКМК кызматкерлерине баш ийбей, чек арадан мыйзамсыз өтүп, Тажикстанга бет алган.
"УКМКнын кызматкерлеринин транспортту токтотуу талабына баш ийбей, Худжент-Арка унаа жолуна чыгып, андан соң контрабандалык жүктү сатуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Тажикстан Республикасын көздөй бет алган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 2022-жылдын 15-ноябрында Ж.Х. эки суткага Баткен районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды", - деп билдиришти УКМКдан.