Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жырткыч кушту сатууга аракет кылып жаткан жеринен 51 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрда милицияга Балыкчы шаарынын четинде жырткыч кушту сатууга аракет болуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында, бүркүт сатып жаткан жеринен 51 жаштагы М. Н. аттуу жаран кармалган. Текшерүү жүргүзүү учурунда, анда сатууга тиешелүү уруксат документтери жок болгон.
Бул факты Балыкчы ШИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталып, мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн топтолгон иш кагаздар шаардык милициянын тергөө кызматына өткөрүп берилди.
Учурда тергөөгө чейинки иш-чаралар өтүүдө.