Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып 6 адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6 адам каза болду. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы кечээ, 19-ноябрда болгон. Анда Бишкек-Ош жолунун 374-чакырымында Форд Транзит унаасы менен Скания жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден 5 адам каза болгон. Ал эми Форд Транзит унаасынын айдоочусу ооруканада өзүнө келбей көз жумган.

Бул боюнча Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыгына кайрылганыбызда, бир аздан кийин маалымат беришерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан