Футбол боюнча Франция улуттук курама командасынын чабуулчусу Карим Бензема Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катыша албайт. Мындай маалымат Франциянын футбол федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, чабуулчу алган жаракатынан улам Дүйнө чемпиондугуна катыша албайт. 34 жаштагы футболчунун сол бутунда көйгөйлөр бар.
Буга чейин ушул эле улуттук кураманын негизги оюнчусу Н’Голо Канте Дүйнө чемпиондугуна катышпай тургандыгы белгилүү болгон.
Франция алгачкы оюнун 22-ноябрда Австралияга каршы өткөрөт.