Бишкекте 25 жаштагы жигит токтоп турган унааны эч себепсиз талкалап салды

Бишкек шаарында унаа талкалоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда болжол менен саат 06:15 чамасында 102 кызматына 6-кичи районундагы үйлөрдүн биринде токтоп турган унааны белгисиз жаран талкалап жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып маалыматты тактаганда, белгисиз жаран Тойота Ярис үлгүсүндөгү унаанын алдынкы, арткы жана каптал терезелерин, эшиктин ачкычтарын талкалап, материалдык чыгымга алып келген. Ошондой эле мындан башка да 5 унаанын мамлекеттик номерин чечип алгандыгы аныкталган.

"Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган А.у Н. аттуу жаранды кармап, Октябрь райондук ИИБне андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткиришкен", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан