Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Кара-Көл шаарындагы 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча маалымат берди.
Башкармалыктын маалыматына караганда, жол кырсыгы Форд Транзит унаасы каршы тилкеге чыгып кеткенинен улам болгон.
"Кадамжай районунун Бирлик айылынын Ж.А. аттуу тургуну Форд-Транзит үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкектен Ошту көздөй бара жатып, алдыдагы унаадан ашып өтөм деп каршы тилкеге чыгып, Скания Р-420 унаасын сүзгөн. Оор жүк ташуучу унааны Кара-Суу районунун Жоош айылынын тургуну башкарып бара жаткан", - деп жазылат билдирүүдө.
Жол кырсыгынан каза болгон жарандар: 1) Баткен облусунун Кадамжай районунун 1968-жылы туулган тургуну Ж.А.А (айдоочу);
2) Кадамжай районунун тургуну Г. Г. Ы. (1972-жылы туулган);
3) Кадамжай районунун тургуну М уулу Р. (1994-жылы туулган);
4) Кадамжай районунун тургуну С. Ш. (1967-жылы туулган);
(5) Кадамжай районунун тургуну И. С. С. (1972-жылы туулган);
6) Дагы бир аял кишинин аты-жөнү тактала элек.
Каза болгондордун бардыгы Форд Транзит унаасынын жүргүнчүлөрү болгон.