Бишкекте 4 ай мурун үйүнөн чыгып кеткен Айбек Касымакунов изделүүдө

Бишкек шаарында Касымакунов Айбек Моңолбаевич дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 5-июлда Жал кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен 1983-жылы туулган Касымакунов Айбек Моңолбаевичти издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Учурда дайынсыз жоголгон адамдын кайда экени белгисиз.

Белгилери: бою болжол менен 175-180 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көзү күрөң.

Кийген кийимдери: мезгилге жараша кийинип жүргөн.

Касымакунов Айбек Моңолбаевич тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444-457, 0 (312) 352-632, 0 (553) ) 102 -880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан