Балыкчы шаарынын Озёрный көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалым болгондой, өрттүн кесепетинен 50 жаштагы М.Н.В. аттуу эркек киши каза болгон.
Учурда өрттүн толук материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.