ЭЛДИК КАБАР: "Орусиядан чогулткан жарым миллион рублдай акчабызды бир заматта чөнтөкчүлөр алып кетти"

Орусиядан тапкан киришебизден бир заматта кол жууп калдык. Мындай билдирүү окурман тарабынан ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө келип түштү.

"Жолдошум экөөбүз 4 балабызды апабызга таштап, 1 жыл мурун Орусияга кеткенбиз. Кыргызстанга келгенибизге аз эле убакыт болгон. 31-октябрда саат 13:30да №136 маршруткадан 470 000 рубль акчабызды уурдап кетишти.

Биз нес абалда эч нерсе кыла албай калдык. Биринчи Май РИИБине арыз жазганбыз. Алар издеп жатышат. Ошол күнү биз менен маршруткада чогуу болгондор бир нерсени байкаган болсо, тиешелүү кызматтарга кабар берип коюуңуздарды өтүнөбүз", - дейт ал.

Окурман коомдук транспортто жүргөндө көп суммадагы акчаны алып жүрбөөнү жана чөнтөк уурулардан сак болууну эскертти.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Patriotka
2022-11-21 17:33:00
Кызык,ошончо акчаны эмнеге салып баратышкан?Капчыккабы?
0
Asmat84
2022-12-14 13:49:00
Эмне үчүн силердин элдик кабар бөлүмүнүн телефону иштебей жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан