Таласта 30 жаштагы тургундан баңгизат табылды

Талас облусунун 30 жаштагы тургунун тинтүү учурунда баңгизат табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин милицияга кылмыштуу түзүмдөр менен тыгыз байланышта болгон белгилүү топ борбор калаада баңгизат сатып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул топтун катышуучуларынын бири А.уулу Н. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Талас облусунун 1992-жылы туулган А.уулу Н. аттуу тургунун текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү жалпы салмагы 22 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылып, тергөө кызматына тапшырылган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан