Футбол боюнча Испания курама командасынын оюнчулары Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугу башталгандан кийин ооруп калышты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, мейманкананын бөлмөлөрүндөгү кондиционерден улам улуттук кураманын жети оюнчусуна суук тийип калган. Алардын арасында негизги чабуулчу Альваро Мората дагы бар. Бул оюнчулар Коста-Рика курамасына каршы беттешке катышпай калышы мүмкүн.
Испания Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы оюнун 23-ноябрда Коста-Рикага каршы өткөрөт.