Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Латвиянын жаранын кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран Кыргызстандан Казакстанга бара жаткан. Чек арадан өтүүдө ал Кыргыз жаранынын паспортун көрсөткөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө документте жарым-жартылай жасалмалоонун белгилери бар экендиги аныкталган.