"Никеге турууга аракет кылышкан". Бишкекте адам уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга С.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда аны ала качкан белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Арызында ал Арча-Бешик конушунда жүргөндө Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаага отургузуп, анын эркине каршы никеге туруу максатында Токмок шаары тарапка алып барышканын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "никеге туруу максатында адамды ала качуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектелип 2002-жылы туулган С.С. жана 1998-жылы туулган К.Ж. аттуу жарандар кармалган.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан