Унааны 360 миң сомго сатып жиберген. Милиция алдамчылыкка шектүү жаранды кармады

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 11-ноябрда К.Б аттуу жаран арыз жазган. Анда Солнечный кичи районунда Б.Б аттуу жаран алдамчылык жол менен Mazda Premacy үлгүсүндөгү унаанын ээси экенин айтып, 360 000 сомго сатып, дайынын билгизбей качып кеткенин жазган. Ошол эле маалда ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 209-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1989-жылы туулган Б.Б аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан