"Туулган күнгө маани деле бербейм". Ырчы Ильгиз Абдалиев 33 жашка толду

Бүгүн, 22-ноябрда кыргыз эстрада ырчысы Ильгиз Абдалиев 33 жашка толду. Бул жолу ырчы өздүк майрамын үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилейт.

"Менин өздүк майрамым түндө сааттын жебеси 12ни какканда эле башталып кетти окшойт. Туулган күнүмдү эң биринчилерден болуп үй-бүлөм куттуктады. Андан соң 12ге жакын туугандарым, кайын журтум кирип келишти. Негизи эле аябай маани берип деле белгилебейм. Бүгүн кызматта болом, андан соң ыр жаздыруу үчүн студияга барам. Достор болуп андан ары эле уланып кетпесе, билбейм",- деди ырчы мырза.

Ильгиз Абдалиев 1989-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында туулган.

Ал бала кезинен эле ырчылык өнөргө кызыгып, көптөгөн сынактарга катышкан.

9-классты аяктаган соң Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайда 4 жыл окуган.

Андан соң Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын эстрадалык вокал бөлүмүн бүтүргөн.

2018-жылы жеке концертин берип, элден бата алган.

"Сахнада жүргөнүмө 10 жылдан ашса да бир да жолу концерт бербептирмин. Быйыл чыгынып Бишкекте кыргыз элиме арнап алгачкы концертимди берип отурам. Толкундануу күч", - деген Ильгиз Абдалиев.

2019-жылы жубайы Назима Муратбековага баш кошуп, үй-бүлө аталышкан.

2020-жылы жубайы да чыгармачылыкка кадам таштап,биргеликте дуэт аткарып чыккан.

"Суранычтар көп болуп жаткан. Мага тойго буюртма түшүп, "келинчегиңиз жар-жар айтып берсин" деп суранып туруп алышты. Макул болуп, жар-жар ырын жаздырып, даярдык көрүп тойго чыгып калдык. Биринчи жар-жар айтуудан кийин эле буюртмалар түшө баштады. Кээде жеке өзүнө кайрылышат, кээде экөөбүздү чогуу келгиле деп чакырышат. Азырынча аймактагы тойлорго барып жатат.

Буюрса, алдыга койгон пландарыбыз көп. Жакында дуэт аткарып чыгалы деп чыгарма жаздырып баштадык. Андан кийин үй-бүлөлүк клип тартуу ойлорубуз бар", - деген бир маегинде.

Жубайлар 2021-жылы 9-майда Инсар аттуу уулдуу болушкан.

Илгиз Абдалиев "Сүйкүм сүйүүм ай", "Апакем", "Кыргызда болсун дагы той", "Гүлдөй, гүлдөй", "Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим", "Саманчынын жолу" жана башка ырлардын аткаруучусу.

22-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан