Баткенде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 49 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, Кадамжай шаарында жайгашкан борбордук мечиттин жанындагы ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 1973-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кармалган. Шектүү Баткендин Кадамжай районунда туулган. Ал буга чейин Өзбекстанда "Тыңчылык" беренеси боюнча соттолгону белгилүү болду.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.
Мындан тышкары шектүү Э.К.нын үйүн тинтүү учурунда уктоочу бөлмөдөн апийим баңгизаты табылган.
Бул кылмышка башка катышуучулардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча андан аркы тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.