Жол кырсыгынан каза тапкан ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концерти өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Эл артисти Сыймык Бейшекеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бекжан Темирхан менен жакындан тааныштыгым жок. Айтайын дегеним, Бекжанды жакындан билген сахналаш инилерим мага кеңешкени келишиптир. "Үй-бүлөдө баарын көтөргөн Бекжан эле, "шаардан үй алып, ата-эне, бир туугандарымды көчүрүп келсем" деген тилектери аткарылбай калды, кандай кеңеш бересиз, кандай кылсак туура болот?" деп. Айткан кеңешимди сиздерге дагы бөлүшүп кетүүнү туура көрдүм. Көзү өтүп кеткен маркумдун жасалбай, аткара албай калган максат-ойлорун улантуу артындагы тирүүлөрдүн парзы деп түшүнөм.
11-декабрда саат 19:00дө Бекжан Темирханды эскерүү концертин өткөрөбүз. Бекжандын күйөрмандары концертке келип, ырларын угуп, концертке келе албагандар, мисалы алыстагы мекендештер атайын ачылган банктык эсепке каражат которсоңуздар болот. Түшкөн каражат толугу менен менин жеке көзөмөлүмдө болуп, Бекжандын тирүү кезиндеги мүдөөсүн аткарууга жумшалат", - деп жазган Сыймык Бейшекеев.
Ошондой эле акча которуу үчүн атайын эсеп ачылган.
Каражат которуу үчүн:
Белгилей кетсек, ырчы Бекжан Темирхан досу менен 10-ноябрда Кемин районунда жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен ырчы окуя болгон жерден көз жумган.
12-ноябрда ырчы Бекжан Темирхандын сөөгү туулуп-өскөн Аксы районунун Беш-Коро айылында жерге берилген.
Ырчы "Эзилип бүттүм", "Кантем", "Карындаш", "Сени бербейм эч кимге" жана башка ырлары менен көпчүлүккө таанылган.