Украинада "Туран" батальонунда согушуп жаткан Кыргыз жараны боюнча тергөө иштери башталды

Социалдык тармактарда Кыргызстандын К. у. А. аттуу жаранынын катышуусундагы видео тарап жатат. Буга байланыштуу УКМК бул жарандын билдирүүсү Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келерин билдирди.

УКМК өз билдирүүсүндө Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосундагы окуяларда бейтараптуулукту карманарын белгиледи.

Буга чейин социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда УКМКнын кызматкерлери бул өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган аккаунтту аныктап, анын ээси кыргызстандык К.у. А. экенин тастыктаган. Ыкчам маалымат боюнча, ал 2021-жылдын декабрь айында эмгек мигранты катары Украинага кеткен.

"Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. УКМК Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жалданмачылыктын белгилери жок болгон учурда же согуштук аракеттерге катышуу көндүмдөргө жана көндүмгө ээ болууга багытталган террористтик же экстремисттик кылмыш жасоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу жосун болуп саналат жана 226-4 беренеге ылайык беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ал эми ошол эле жосундар алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу жана уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат", - деп билдирди УКМК.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан