“Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, террорчулукка каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, ушул жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарынын жана Жалал-Абад облусунун аймагында “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун (Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган) мүчөсү болгон 3 Кыргыз жараны кармалды.
Кармалган эки жарандын башка мамлекеттин аймагынан “Ислам мамлекети – Хорасан вилаяты” эл аралык террордук уюмунун катарында террордук аракеттер болгон аймактарга чыгуу фактысы аныкталган.
Кармалгандардын бири Х.П. калган эки жарандын которулушун түздөн-түз координациялаган, аларга акча жана чет мамлекеттин жасалма паспорттору менен бир нече өлкөнүн аймактары аркылуу тоскоолдуксуз жүрүү үчүн камсыздаган.
"Х.П. мурда террордук ишмердүүлүгү үчүн Кыргызстандын аймагында соттолгон. Жазасын өтөп бүткөндөн кийин ал террордук ишмердүүлүк болгон аймактарга жалданма адамдарды жөнөтүү боюнча мыйзамсыз ишин уланткан", - деп айтылат маалыматта.
Аталган адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кармалгандар УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылды. Тергөө иштери уланууда.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарга террордук жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.