Криштиану Роналду "Манчестер Юнайтед" клубунан кетти

Криштиану Роналду "Манчестер Юнайтед" клубунан кетти. Бул тууралуу аталган клубдун Twitter баракчасына жарыяланды.

Белгилүү болгондой, Роналду клубдан эки тараптын макулдашуусу боюнча кеткен.

Буга чейин 2021-жылдын август айында "Манчестер Юнайтед" туриндик "Ювентус" менен португалиялык футболчу Криштиану Роналдуну өткөрүп берүү боюнча макулдашкан.

Роналду "Манчестер Юнайтедде" 2003-2009-жылдары ойногон. Бул жылдар аралыгында команда үчүн 292 оюн өткөргөн болсо, 118 гол киргизүүгө жетишкен.

Роналду улуттук командалардын, Европа чемпионаттарынын тарыхындагы, ошондой эле Европанын Чемпиондор Лигасындагы эң мыкты чабуулчу.

Ал Instagram баракчасында 500 миллион катталуучуга жеткен алгачкы адам болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан