Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова 57 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, бүгүн эл кызматында болорун белгиледи.
"Мени жыл сайын SUPER.KG порталы чалып куттуктайт. Ыраазычылык. Бүгүн туулган күнүмдү үй-бүлөмдүн курчоосунда өткөрөм. Кечирээк элибиздин кызматында болом. Мен үчүн баарынан кымбаты элимдин тынчтыгы. Ошол мага чоң белек. Былтыркы жылы туулган күнүм "Эстебес" тобунун концертине туш келип, өздүк майрамымды сахнада элимдин курчоосунда белгилегем", - деди ырчы.
Ырчы Гүлзат Байзакова 1965-жылы 23-ноябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айылында жарык дүйнөгө келген. Опера жана балет театрынын эки жылдык студиясын аяктаган. "Камбаркан" ансамблинде иштеп жүрүп "Жалжалым", "Чагылган" деген ырларды ырдап чыккан. Андан соң Айбек Карымов менен аткарган "Дил кайрык" ыры аркылуу элге таанылган.
23-ноябрга карата жылнаама.