Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар уурулук фактыларына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрда Б.Д. аттуу шаар тургуну Октябрь РИИБине ошол күнү саат 14:00дөн 21:40ка чейинки аралыкта белгисиз адам анын 6-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине кирип, алтын буюмдарын жана ноутбугун уурдап кеткенин айтып арыз менен кайрылган. Жабырлануучу 90 миң сомдук материалдык чыгымга учураганын билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Ч.Ж. аттуу жаран кармалып, №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Учурда анын башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталып, тергөө иштери уланууда.
Милиция шектүүдөн жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 500 713 377, 0 550 102 360 жана 102 телефондоруна кайрылса болорун кошумчалады.