Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында бүгүн оюн талаасына фавориттер Германия, Бельгия, Хорватия жана Испания чыгат.
Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө биринчилерден болуп Хорватия - Марокко ойносо, кечки саат 19:00дө Германия курамасы япон футболчулары менен беттешет.
Түнкү саат 22:00дө Испания - Коста-Рика командалары кез келсе, түнкү саат 1ге Бельгия – Канада беттеши белгиленди.