Баткенде аткезчилик жүк ташыган 2 автоунаа мамлекетке конфискацияланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы, "Баткен" бажысы, Чек ара кызматы менен биргеликтежүк ташыган Т.М. аттуу жарандын башкаруусундагы "Тойота Превиа" жана И.С. жарандын башкаруусундагы "Хюндай Портер" үлгүсүндөгү унаалар кармалган.
Ушул жылдын 18-ноябрында Баткен райондук сотунун чечиминин негизинде, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгы боюнча эки автоунаа тең мамлекеттин эсебине конфискацияланды.