Аргентинанын сенсациялуу түрдө утулушу: Сауд Арабиялык футболчулар миллионер болушту

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда фаворит делген Аргентинаны сенсациялуу түрдө утуп алган Сауд Аравия курамасынын футболчулары премия алышты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, фаворит команданы утканы үчүн сауд арабиялык футболчулардын ар бири 2 миллион 500 миң евродон премия алышкан. Эгер алар өзүнүн тайпасынан кийинки баскычка өтө турган болсо, мындан дагы көп премия алышы мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, "С" тайпасында учурда Сауд Арабия курамасы лидер. Бул тайпада ойногон Польша менен Мексика тең чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан