Бүгүн, 23-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда дагы бир сенсация орун алды.
"Е" тайпасынын 1-турдук оюнунда Германия курама командасы менен Япония кез келип, оюн 1:2 эсебинде япониялыктардын жеңиши менен аяктады. Германия бул Дүйнө чемпиондугундагы фаворит командалардын бири.
Бул Дүйнө чемпиондугундагы экинчи сенсация. Буга чейин дагы бир фаворит Аргентина курамасы Сауд Арабия курамасына 2:1 эсебинде утулуп калган.
Муну менен Япония өзүнүн тайпасында биринчи орунга чыкты.
Германия - Япония (1:2);
Голдор: Илкай Гюндоган (33-мүнөттө), Рицу Доан (75), Такума Асано (73).