Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.
"Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Бишкектин Көк-Жар конушунда жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Каратай айылында турак үйдүн 24 чарчы метр эки бөлмөлүү ашканасы толугу менен күйгөн.
Оштун Араван районундагы Араван айылында жалпы аянты 24 чарчы метр болгон турак үйдүн жыгач полу жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.